Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча токтом долбоору кабыл алынды

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 371 | 0

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеште «COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» токтом долбоору кабыл алынды.

Тармактык комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров аталган токтом долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынан түшкөн бир катар сунуштар камтылганын белгиледи.

Депутаттар бир жылдык мөөнөткө кичи жана орто бизнес ишмердүүлүгүн текшерүүгө мораторий киргизүүнү, каатчылык маалында банк системасын коргоо боюнча программа иштеп чыгууну, айрым маанилүү делген товарларды жана медициналык дары-дармек каражаттарын чыгарып кетүүгө тыюу салууну, COVID-19 менен күрөшүү үчүн мамлекеттик резервдик фонд түзүүнү жана башка сунуштарды киргизишти.

Copyright © 2017 Maral FM