Биз менен байланышыңыз

Ош: Бүгүндөн баштап милиция кызматы көзөмөлдү күчөтөт

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 604 | 0

Бүгүн, 31-марттан баштап өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда, анын ичинен Ош шаарында милиция кызматы көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу Ош шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча коменданттынын басма сөз борборунан билдиришти.

Ош облусунун комендатурасы калкты себепсиз көчөгө чыгууну токтотууга чакырат. Өзгөчө абалдын тартиптерин так сактап, жеке коопсуздук чараларын, санитардык-гигиеналык эрежелерди бекем сактоону эскертет.

«Өзүңүздүн, үй-бүлөңүздүн жана өлкөбүздүн келечегине кайдыгер болбосоңуз-талаптарды так аткарып, үйдө отуруңуз!» — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM