Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 512 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу маселеси боюнча да сөз болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуу жана тараптардын калкты  COVID-19дан сактоо боюнча кабыл алган чаралары, ошондой эле мындан ары кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.

Муну менен катар Абылгазиев жана казакстандык кесиптеши Мамин өзгөчө абал шартында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу маселесин талкуулап, дагы бир жолу өлкөлөр ортосунда товарды эркин ташуу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Буга чейин Чүй облусундагы «Ак-Тилек» жана Таластагы «Чоң-Капка» бекеттеринде казак тараптан азык-түлүк жана жабдык жүктөлгөн жүздөгөн оор жүк ташуучу машинелер чек арадан өтө албай турганы кабарланган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Казакстан Ирандан келе жаткан кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалардын экинчи тобун өз чек арасынан өткөрдү.

25-мартка карата коронавирус боюнча Кыргызстанда 44, Казакстанда 80 жагдай катталган.

Copyright © 2017 Maral FM