Connect with us

Президент шайлоону убактылуу токтотту

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 388 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду убактылуу токтотуп туруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар токтотулат.

Адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле ар бир адамдын ден соолугун коргоо укугун көз карандысыз демократиялык мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары белгилеген Конституциянын ченемдерине ылайык республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылат,— деп жазылат жарлыкта.

12-апрелге дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу иш-чаралар “өзгөчө кырдаал режими” мезгилинде токтотулуп турат.

Шайлоо Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде өтмөк. Мындан тышкары, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Шайлоодо ат салышууга 22 саясий партия катышмак.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM