Биз менен байланышыңыз

Кимдер экспресс-тестти тапшырышы керек?

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 3441 | 0

Коронавирустун белгилери — ысык дене табы, кургак жөтөлү жок жана ооругандар менен байланышта болбогон адамдар эскпресс-тесттерин тапшыра албайт. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу чараларын көрүү боюнча түзүлгөн республикалык штаб кабарлайт.

22-мартта Кыргызстан дагы 5 миң экспресс-тест сатып алган. Алар коронавирустун бар-жогун мурдагыдай 5 саатта эмес, 15-20 мүнөттүн ичинде аныктайт.

Мындан сырткары, Орусиядан дагы кошумча тесттер келет.

Тест-системаларынын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.

Кыргызстанда 23-мартка карата коронавирустун жаңы учуру  катталган жок. Буга чейин жуктурган 69 жаштагы бейтап Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулду. Жалал-Абад ооруканасында коронавирус менен катталган башка адамдар да дарыланып жатышат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 миң 110 учур катталды.

Алардын 12 миң 944ү өлүмгө дуушар болду.

Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган.

Ошондой эле, Орусияда – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42, Кыргызстанда – 14 учур аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM