22-марттан тарта Бишкек шаарында коомдук транспорттун иши убактылуу токтотулат. Бул тууралуу маалымат мэриянын твиттердеги баракчасына жарыяланды.
Маалыматка караганда, коомдук транспорттун бардык түрүнүн ишине чектөө коюлат, ушул күндөрү жүргүнчүлөрдүн саны да азайган.
Кыргызстанда 22-марттан тарта “өзгөчө кырдаал” режимин киргизүүнү Коопсуздук кеңеши сунуштады.
Өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 12ге жетти.
Урмат
21.03.2020 14:57
Мамлекеттик жумушта иштегендер кантип барып келебиз жумушка?коолугум да жок