Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Канча адам көзөмөлдө?

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 596 | 0

Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын саны – 6 адам, алар стационардык дарыланууда, абалдары канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Убактылуу обсервациялоо пунктарында медициналык көзөмөлдө жайгашкандар – 410 адам.

Жашаган жерлери боюнча медициналык пунктарда жайгашкандар – 1251 адам.

Жашаган жерлери боюнча 14 күндүк көзөмөлдөн чыгарылгандар – 1309 адам.

Кыргызстанга келген жарандарды обсервациялоого жана жаткырууга Саламаттыкты сактоо министрлиги, ӨКМ тарабынан даярдалган орундуктардын саны — 2290.

Ошондой эле:

• Дарылануучу мекемелерине жаткырууга – 504;

• Дарылануучу мекемелерине обсервациялоого — 160;

• «Иркештам» — көзөмөл-өткөрүү пунктуна – 170;

• «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна – 100;

• «Манас» Эл аралык аэропортуна – 803;

• Ош шаарындагы “Барчын” медициналык борборуна – 70;

• «Ош» Эл аралык аэропортуна – 40;

• Ош шаарындагы аскер госпиталына – 70;

• “Беш-Күңгөй” аскер госпиталына – 75;

• “Ак-Кеме” мейманканасына — 298.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM