Биз менен байланышыңыз

Президент жарандарды коронавируска карата текшерүүдөн качпоого чакырды

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 556 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга Нооруз майрамына карата кайрылуу жасап, быйылкы Нооруз дүйнө коомчулугу жана Кыргызстан үчүн да чоң сыноо менен коштолгонун айтты.

Жээнбеков эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна, сырттан келген жарандардын анализдерди берүүдөн качышына жол бербөөгө чакырды.

Ал карантиндин талаптарын кынтыксыз аткаруу, ар кандай чогулуштарды токтотуу, жолугууларды кыскартууну талап кылды.

Өлкө башчы коронавирус илдетине кошумча болуп, дүйнөлүк экономикадагы кыйынчылыктардын кесепети да тийип жатканын айтты. Мындай жагдайда бюджеттин чыгымдарын кыскартуу, үнөмдөө керектигин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM