Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү бардык пансионат жана эс алуу үйлөрү жабылат

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 476 | 0

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионат жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүү Акылбек Осмоналиев, коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу тобокелчиликтерин азайтуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сактоого чакырат.

Ысык-Көлдө 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM