Биз менен байланышыңыз

Президент: Насыяларын төлөй албай жаткан ишкерлерди колдоо керек

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 438 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкка коронавируска жана доллардын баасынын жогорулашына байланыштуу насыяларын төлөөдө кыйынчылыкка дуушар боло турган ишкерлерге жана зайымчыларга колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Бүгүн, 20-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов президент менен жолугуп, валюталык рыноктогу абал тууралуу маалымат берди.

«Учурда валюта рыногунда чет элдик валюталарга суроо-талап жогору болуп турат. АКШ долларынын курсунун жогорулашы дүйнөлүк каржы базарларындагы өзгөрүүлөргө жана биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн базарларындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу. Бул өңүттөн алганда Кыргызстанда дагы долларга жана калган валюталарга карата валютанын курсу түзөтүлүп жатат», — деди Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банк 18-мартта «коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө» токтом кабыл алган.

Ага ылайык, коронавируска байланыштуу насыяларды өз маалында төлөй албаган жана насыя тарыхчасы начарлаган жарандарга карата айыптык санкцияларды колдонуу боюнча коммерциялык банктарга чектөөлөр киргизилүүдө.

Ошондой эле коммерциялык банктарга насыяларды төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуштамалары берилди.

Жээнбеков өлкө экономикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетүү керектигин айтты.

19-март күнү доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 1 доллар 73 сомдон сатып алынып, 85 сомдон сатыла баштаган. Айрым банктарда доллар сатылбай калган. Бул жагдайды турукташтыруу үчүн Улуттук банк валюта рыногуна 3,7 млн доллар сатты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM