Биз менен байланышыңыз

Ошто 20-марттан тарта коомдук транспорттун иши токтотулат

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 2281 | 1

Ош шаарында 20-марттан тарта коомдук транспорттун иши токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ошто коронавирустун алдын алуу иштери уланууда. Жарандарга көчөгө чыкпай туруу сунушталат.

Мындан тышкары, Оштогу кафе-ресторан, парктар да толук жабылат.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ош облусунун Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирди. Алар Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Бүгүн Ноокатта «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

1 пикир

1 пикир

  1. Гулбара

    20.03.2020 13:49

    Кудайым озу сактанысынчы,элибизге жалпы дуа кылып туралы .

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM