Биз менен байланышыңыз

Депутаттар аймактардагы элге коронавирус тууралуу түшүндүрүшөт

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 473 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 23-27-март аралыгында өлкө аймактарында жергиликтүү тургундар арасында коронавируска каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус илдетин жуктургандар Кыргызстанда 6 кишиге жетти. Алардын үчөө Жалал-Абаддын Сузак районунун жана Оштун Ноокат районунун тургундары. Бул эки аймакта да “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди.

Бул илдет дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жайылды. Анын кесепетинин 8 миң адам набыт болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM