Биз менен байланышыңыз

Абдыгулов: Кыргызстанда доллар жетиштүү

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 551 | 0

Доллардын курсу бир канча күн ичинде турукташат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу үчүн 3,7 млн доллар сатты.

-Дүйнө жүзүндө мунайдын баасы төмөндөп, коронавирустун жайылышына байланыштуу соода алакасы солгундады. Ошондуктан башка мамлекеттердин да курсунда өзгөрүүлөр болуп жатат. Биз интервенция жасап, курстун оптималдуу деңгээлине келтирдик. Доллар жетиштүү. Сатып алуу менен сатуунун баасында айырма чоң болуп жатканы, эки үч күн ичинде нугуна түшөт, -деди Абдыгулов.

Улуттук банк 3,7 млн доллар сатты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM