Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Ноокаттын үч тургуну менен чогуу келгендер такталууда

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 1108 | 0

Ноокат районунун 3 тургуну коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, алар Ошко келген рейс менен учушкан. Учурда алар менен чогуу канча киши учуп келгени такталууда.

Белгилей кетсек, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургуну коронавирус жуктуруп алганы кабарланды. Алар учурда обсервацияда. Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 6 кишиге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM