Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Казакстандагы кыргызстандыктарды транзит аркылуу өткөрүү маселесин сүйлөштү

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 819 | 0

Бүгүн, 19-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылар үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, коронавирус инфекциясын алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты. Мындан тышкары, эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорттук чөйрөлөрүндө коронавирустун терс кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге көңүл бурушту.

Алматы аэропортунан чыга албай жаткан 19 кыргызстандык үчүн трансфер уюштуруларын республикалык штаб кабарлаган. Маалыматтарга караганда, азыркы мезгилде Алматынын аэропортунда Индиянын Дели шаарынан учуп келген 19 кыргызстандык чыга албай турат. Себеби Казакстан чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM