Биз менен байланышыңыз

Бабанов коронавирус менен күрөшүүгө 5 млн сом бөлөт

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 2042 | 0

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов коронавирус менен күрөшүүгө 5 млн сомдук жардам берет. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Саясатчынын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 3 млн сом бөлүнөт, ал эми 2 млн сом 2000 пенсионерлерге дары-дармектери үчүн которулат.

-Ынтымагыбызды жана акылмандыгыбызды сынай турган учур болуп жатат. Биз бардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек. Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек. Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм. Андыктан биз 5 млн сом бөлүүнү чечтик, -деп айтылат Бабановдун билдирүүсүндө.

Кыргызстанда 19-мартка карата коронавирусту жуктуруп алган учур катталган жок. Умрадан кайтып келген 144 адамдын баары аныкталды. Алардын экөө Өзбекстанга чыгып кетишкен. Учурда алар обсервацияда.

18-мартта үч киши бул вирусту жуктуруп алганы аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM