Биз менен байланышыңыз

Министр: Масканын баасы он сомдон ашпашы керек

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 559 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстандагы аптекаларда масканын баасы он сомдон ашпашы керек, бир адамга 3 даанадан ашык берилбей тургандыгн билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү цехтер да беткап тигүүгө киришти. Саламаттыкты сактоо министрлиги ишкерлер менен келишим түзүп, беткап таңсыктыгын жоюуга аракеттенүүдө. 630 миң медициналык беткап аймактарга жеткирилген.

Ош шаарында эки тигүү фабрикасы медициналык беткаптарды чыгара баштады. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов беткап тартыштыгынан улам “Мурас” тигүү фабрикасынын кызматкерлери менен, ага чейин “Дастан” ишканасынын кызматкерлери менен жолукту. Ал кызматкерлерди элдин саламаттыгы үчүн жардам берүүгө чакырган.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Жалал-Абаддагы бириккен ооруканада учурда алты киши жатат. Алардын үчөө коронавирус жуктургандар болсо, калган үчөөнүн дене табы жогору болуп, учурда дарыланышууда.

Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан келген жарандардын баары табылды. Учакта жалпысынан 144 киши болгон, алардын 142си текшерилип, обсервацияга алынып, толук көзөмөлдө турат. 2 киши Өзбекстандын аймагына чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM