Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Президент чыгашаларды азайтуу керектигин айтты

Кыска кабар | 14 Мар 2020 | 1142 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус өлкө экономикасына терс таасирин тийгизерин айтты. Ал башка мамлекеттер экономикалык кыйынчылыктардын келип чыгарына карабай, элинин саламаттыгын биринчи орунга коюп, чек араларды, каттамдарды жаап жатканын белгиледи. Кыргызстан да бул багытта иштеп жатканын кошумчалады.

Биз да, Кыргызстан, ошол багытта иштеп жатабыз. Ачыгын айтышыбыз керек, экономикага терс таасири тиет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды экономдоо режимине өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек, — деди президент.

Бүгүн, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда коронавирустун алдын алуу жана экономикага тийгизген таасирин азайтуу маселелери талкууланды.

Коронавирустун өлкө экономикасына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтуу чараларын ишке ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектейт. Бул штаб 12-марттагы жыйынында өндүрүш токтоп калбашы үчүн импорттук сырьену ташуу жолун табуу маселесин талкуулаган.

Эркин Асрандиев Экономика министрлигине товарларды ташууга жөндөмдүү альтернативдик өлкөлөрдү издөөнү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM