Биз менен байланышыңыз

Калкты каттоо өнөктүгү белгиленген убагында өтөт

Кыска кабар | 14 Мар 2020 | 351 | 0

Кыргызстанда калкты жана турак жайды каттоо өнөктүгү белгиленген убакытта өтөт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Коронавирустун алдын алуу максатында өлкөдө бардык маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү убактылуу токтотулган.

Кыргызстандын калкын жана турак жайларды 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин, алыскы райондордо — 20-апрелден 29-апрелге чейин өтөт.

Бүгүн, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусуyнда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда коронавирустун алдын алуу жана экономикага тийгизген таасирин азайтуу маселелери талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM