Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Өкмөткө чыгымдарды азайтуу сунушталды

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 314 | 0

Азыркы учурда коронавирус илдети 118 өлкөгө жайылганы белгилүү болду. Илдеттин кесепетинен дүйнөлүк экономикалык кризис башталды. Кыргызстан азыртан пандемиянын алдын алуу чараларын көрүп, өлкөнүн экономикалык абалына көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Биринчи кезекте ашыкча чыгымдардан арылышыбыз керек. Ал үчүн мамлекеттик бюджетти балансташтырып, пайдасыз тендерлерди, жөнү жок курулуштарды токтото туруу зарыл. Ошондой эле, Өкмөт экономикалык өнөктөштөр менен соода-экономикалык алакаларды доллар менен эсептешүүнү токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютага өткөрүү маселесин чечип алуусу зарыл.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу абалды пандемия деп баалады.

12-мартка карата, COVID-19 вирусун 126 миңден ашуун киши жуктурду. Алардын 4 миң 600дөн ашыгы каза болду. Коронавируска кабылгандардын 45 700дөн ашыгы Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде. Вирустун очогу болгон Кытайда коронавирустун жайылышы басаңдап, абал турукташып калды. Соңку 1 жумадан бери ооругандардын саны 80 миңден ашкан жок.

Ал эми Европада коронавирус кулачын жаюуда. Италияда 12 462 адамдан коронавирус аныкталса, алардын 827си илдеттин кесепетинен өлүмгө дуушар болушкан. Франция менен Германияда да абал оорлошуп барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM