Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 1 АКШ доллары 73 сомго чыкты

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 876 | 0

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте АКШ долларынын баасы кескин жогорулады. Доллардын курсу түшкө чейин эле 69,80 (сатып алуу) жана 69,90 (сатуу) сом болуп турган. Ушул тапта доллар 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатылып алынууда.

Буга чейин Улуттук банк жана нефтетрейдерлердин сайтында Бишкекте евронун баасы өсүп, алтын куймалар арзандаганы кабарланган.

Ошондой эле рублдин куну түшкөн. Буга мунай рыногундагы кырдаал себеп болгону айтылат. Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК+) келишимдери ишке ашпай, Brent жана WTI үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 30 пайызга төмөндөп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM