Биз менен байланышыңыз

Италияда футбол боюнча “Серия А” убактылуу токтотулду

Кыска кабар , Спорт | 10 Мар 2020 | 551 | 0

Италиянын футбол боюнча жогорку “Серия А” лигасынын оюндары убактылуу токтотулду. Буга коронавирустун жайылып баратканы себеп болгон. Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте эпидемиялык кооптуу жагдайдан улам өлкөдөгү бардык спорттук иш- чаралар 3-апрелге чейин токтотулганын айткан.

Азыркы жагдайда бардык спорттук иш-чаралар, футбол боюнча чемпионат да токтотулушу керек. Бул чара 10-марттан тарта күчүнө кирет, — деп билдирген Конте.

Акыркы маалыматтарга караганда Италияда өлкө боюнча жалпысынан 9 172 киши коронавируска чалдыкса, каза болгондордун саны 463 адамга жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM