Биз менен байланышыңыз

Текебаев менен Чотоновдун соту 23-мартка жылдырылды

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 358 | 0

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо 23-мартка белгиленди. 9-марттагы отурумда А.Базаркулов, Ж.Ташматов, Б.Айдакеев жана К.Байболовдун көрсөтмөлөрү айтылды.

Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

24-февралда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтү 25-апрелге чейин узартылган. Андан тышкары, соттук териштирүүнүн да мөөнөтү узартылган.

Текебаев менен Чотонов орус ишкери Леонид Маевскийден пара алган деп шектелип, камакка алынган. Кийин 2019-жылы 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча карап, сот залынан аларды үй камагына чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM