Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктүн баасы арзандады

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 4699 | 0

Кыргызстанда 1-марттан тарта айдоочулук күбөлүктү алуу жана унааны башка аймактан каттоодон чыгарып, кайра каттатууда баалар арзандатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Айдоочулук күбөлүктүн баасы 184 сомго арзандаган. Эми айдоочулук күбөлүк алууну же алмаштырууну каалаган жарандар 724 сомдун ордуна 540 сом төлөшөт. Ошондой эле, «байланыш кызматын колдонуу менен авто-мото унаа каражаттарын каттоо жери боюнча башка аймакка барбастан каттоодон чыгаруу» кызматы акысыз жүргүзүлөт.

Муну менен анын баасы 184 сомго арзандады. Эми авто-мото унаа каражаттарын кайра каттатуу 1 миң 716 сомду түзөт – мурда 1 миң 900 сомду түзүп келген.

Мекеме акы алынуучу кызматтардын арасынан «байланыш кызматын колдонуу менен унаа каражаттарын каттоо жери боюнча башка аймакка барбастан каттоодон чыгаруу» жана «айдоочулук курам боюнча маалыматтар базасын түзүү» кызматтарынын чыгарылышы тарифтердин арзандашына алып келгенин кабарлайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM