Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Президент азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 751 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Анда коронавируска байланыштуу экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттерди, тобокелчиликтерди азайтуу чаралары талкууланды.

Эркин Асрандиевдин айтымында, 3-марттан тарта тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган республикалык штаб түзүлгөн.

Базарлардагы кырдаалга көз салуу, атамекендик өндүрүшчүлөрдү, жүк ташуучуларды, негизги жеткирип берүүчүлөр менен импортерлорду колдоо сыяктуу иш-чаралар планы иштелип чыккан.

Президент Сооронбай Жээнбеков штабдын негизги милдеттери — дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга анализди эске алуу менен таасирдүү сунуштарды иштеп чыгуу жана алардын негизинде мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү чараларды көрүү экенин айтты.

Ал азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн аткарууга, эл керектеген товарларды өндүрүү жана ташып келүү менен алектенген ишкерлер менен тыгыз кызматташуу керектигин айтты.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө коронавирус жайылган өлкөлөрдүн саны 100гө жеткен. Дартка кабылгандар 110 миңге чамалады.

Кыргызстанда 9-мартка карата эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, коронавирус катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM