Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Ош облусун өнүктүрүүгө акча бөлөт

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 313 | 0

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Ош облусундагы жана Ош шаарындагы «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору боюнча кыргыз Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эки тараптуу финансалык макулдашуу долбоорун жактырды.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев эки тараптуу келишим Ош облусун өнүктүрүүгө багытталганын билдирет. Анын алкагында аймактык өнүгүүгө 5,5 млн доллар, айыл чарбасына 25,5 млн доллар, Ош шаарынын инфратүзүмүнө 22 млн доллар бөлүнөт.

Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө 3 млн доллар, долбоордун өзүнө 4 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM