Биз менен байланышыңыз

«Учкун» мекемеси жаңыланат

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 400 | 0

«Учкун» ачык акционердик коому модернизацияланат. Аны жаңылоонун долбоорун даярдоону премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды. Абылгазиев «Учкун» мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

«Бул жыл саясий жактан активдүү болору күтүлүүдө. Албетте ар кандай мезгилдүү басылмаларга буюртмалар мурдагыдан көп болот. Бул убакыттын аралыгында иштеп алуу жана жаңы жабдууларга кеткен акчаны таап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан керектүү техникаларды сатып алуу үчүн каражат табуу маселесин карап чыгуу керек», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы, ошондой эле,  атайын мамлекеттик документтерди чыгаруу боюнча толук технологиялык циклда иштеген офсет жана мукабалоо цехинин иши менен таанышты.

Анын айтымында, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен мекемени модернизациялоо үчүн финансы каражаттарын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Учурда гезит-журнал цехи айына 43 мезгилдүү басылманы чыгарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM