Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун соту болот

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 502 | 0

Бүгүн, 9-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карайт. Отурум түштөн кийин саат 14.00гө белгиленген.

24-февралда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтү 25-апрелге чейин узартылган. Андан тышкары, соттук териштирүүнүн да мөөнөтү узартылган.

Текебаев менен Чотонов орус ишкери Леонид Маевскийден пара алган деп шектелип, камакка алынган.

2019-жылы 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча карап, сот залынан аларды үй камагына чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM