Биз менен байланышыңыз

Президент: Энелерди жана балдарды коргоо — артыкчылыктуу милдет

Кыска кабар | 8 Мар 2020 | 1265 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда, элибизде Энеге карата урмат-сый көрсөтүү салты эзелтен сакталып келгенин айтып, азыркы кезде аялзаты коомдун экономикалык, саясий турмушуна, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жигердүү катышып жатканын белгиледи.

Аялзаты ар дайым аруулугу, назиктиги, боорукердиги жана акылмандыгы менен биздин жашообузду көрккө бөлөп келет. Алар турмушубуздун бардык чөйрөлөрүндө үзүрлүү иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Балдарды тарбиялоо боюнча негизги түйшүк  да асыл зат аялдарга таандык , — деди Жээнбеков.

Ошондой эле  президент энелерди жана балдарды коргоо — ар дайым мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу милдети болуп кала берерин айтып, бардык аракет аялдардын жашоо-турмушун жакшыртууга, үй-бүлөсүнүн келечеги ишенимдүү болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM