Биз менен байланышыңыз

Казакстан кыргызстандыктарга чек арадан ID-карта менен өтүүгө тыюу салды

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 1270 | 0

Кыргыз жарандарына Казакстанга ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 8-марттан тартып кыргыз жарандары мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтө алышпайт.

«Казак өкмөтү чек арадан төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк менен да өтүүгө тыюу салды. Дүйнөгө тараган коронавирустан улам күн мурун казак тарап кыргызстандык жарандарга ID-карта  менен чек арадан өтүүгө тыюу салуу боюнча нота жиберген», — деди Абдрахманов.

Copyright © 2017 Maral FM