Connect with us

Японияга шырдак, кийиз экспорттоого бел байлаган айымдар

Коом , Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 2548 | 2

«Аруузат» ишканасынын жетекчиси Жумагүл Курманбаева 2019-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында, JICA агенттигинин каржылык колдоосу менен Кочкор районунун Исакеев айылында жүндү кайра иштетүүчү чакан цех ачууга жетишкен. Учурда ишканада 12 кызматкер эмгектенип, жүндөн кийиз, шырдактар жасалууда. Ал эми өнүмдөрдү Япония сатып алууга кызыкдар.


8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай, Жумагүл Курманбаева жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын коомчулук менен байланыш адиси Айчүрөк Жунусова менен маек курдук.

«Кыштын чилдесинде да кийиз жасадык…»

Жумагүл Курманбаева: 2 млн 178 миң сомго жүн иштетүүчү станоктор келген. Ал эми Кочкор айыл өкмөтү 350 миң сом бөлүп, ири мончонун 2/3 бөлүгүн оңдоп-түзөп берди. Долбоордун уюштуруучулары станок менен гана чектелип калбастан, керектүү жабдыктар менен камсыз кылып, кандай иштөө керектигин үйрөтүп, технологдорду жиберип турушту. Андан сырткары эл аралык уюмдар менен иштөөгө шарт түзүп беришти. Өткөн жылдын ноябрь айынан бери JICA менен кызматташып, чакан цехте жүндү кайра иштетип жатабыз. Булар бизге меринос койдун жүндөрүн тыттырып, алып келип берүүдө. А биз кыштын чилдесинде да кийиз жасадык. Алардын узундугу 6.5 м, туурасы 1.2 метрден. Жалпы 31 кийиз, 2 чоң шырдак жана килемче жасадык. Алардын бары япониялык компанияга кетти. Алар жактырып алып калса, биз көбүрөөк буюртма ала баштайбыз. Нарындын губернаторунан сертификат алып, брендге өттүк. Эми санга эмес, сапатка иштей баштадык.

«Долбоорубуздун негизги максаты — аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү»

Айчүрөк Жунусова: 2014-жылы ишин баштаган долбоорубуздун алкагында аймактарды өнүктүрүү багытында бир топ иштерди жасап жатабыз. Багбан, дыйкан, фермерлерге семинарлар уюштурулууда. Маселен, жемиштерди органикалык түрдө өстүрүүнү, асыл тукум малдарды көбөйтүү… Мындан сырткары аялдардын жөндөмдөрүн арттырып, киреше табууга шыктандыруу багытында тигүүчүлүк, таттууларды жасоо боюнча да окутуулар өткөрүлүп келет. Буга кошумча чакан ишканаларды ачууну колдоп, тийиштүү жабдуулар менен камсыздайбыз. Алсак, жүндү кайра иштетүүчү цехтен сырткары сүт азыктарын өндүрүүчү, мөмө-жемиштерди кургатуучу чакан ишканаларга колдоо көрсөтөбүз.

Долбоорубуздун негизги максаты аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Анткени аялдар экономиканы өстүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Белгилей кетсем, Кыргызстандын экономикасынын 60% айыл чарба тармагы түзөт. Бул тармакта эмгектенгендердин 40% айымдар. Азыркы күнгө чейин республика боюнча 3400 аялга жардам бердик. Долбоордун алкагында 32 аял жергиликтуү кеңештерге депутат болду. 4 цех ачылды.

«Аялдар маалыматтык да, каржылык да колдоого муктаж»

Биздин долбоор Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарын облустарында ишке ашырылат. Калган эки облустун экономикалык мүмкүнчүлүктөру жогору болгондуктан тизмеге кирген эмес. Демек, долбоорду ишке киргизүүдөн мурда 5 облустун климаттык, экономикалык шарттары боюнча анализ жүргүзүп, ага жараша иш-чараларды тандаганбыз. Аларды БУУнун бир нече агенттиктери ишке ашырат. Мисал катары атай кетсек, БУУ-Аялдар, биз (Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) ж.б.

Облустардын баарында абал бирдей, аялдар маалыматтык да, каржылык да колдоого муктаж. Киреше табуу үчүн экөө тең болушу кажет. Айталы, маалымат гана берилип, акчалай колдоо жок болсо, долбоорлор ишке ашпай калат. Тескерисинче, каражат болуп, бирок билим аз болсо, өнүгүү жай болот. Мындан улам аялдарды ар тармактуу өнүктүрүүгө, колдоо көрсөтүүгө басым жасайбыз.

«Шырдактарга буюртма көбөйсө, жумушчулардын санын арттырабыз»

Курманбаева: Жаш кезден тарта жетекчилик кызматтарда иштедим, аны менен катар коомдук жумуштарды да чогуу өздөштүрдүм. 2004-жылы жумушсуздук күч алды. Ошол кезде саламаттыкты сактоо долбоору ачылып, Нарын облусунун аймактарында ден соолук комитеттери уюштурушту. Мен ал жерде да иштеп, айылдарды кыдырып жүрдүм. Ошол кезде, жүн сабаган аялдарды көп көрдүм. Көпчүлүгүнүн жашы илгерилеп калганын байкадым. Жүндү күн жылуу кезде сабоо зарыл, мындайда аялдардын кан басымы көтөрүлөт. Мен «буларга жүн тыткыч керек экен» деп ойлоп койдум. Саламаттыкты сактоо долбоору бизге долбоор жазганды үйрөтүп, жардам берди. Көп жерге долбоор жаздык, бирок баары өтө бербейт. 2016-жылы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кочкорго келди. Анда ар бир айыл өкмөттө киреше алып келүүчү долбоорлор каржыланары, ага 10 миң доллар инвестиция салынары айтылды. Мен жүн тытуучу ишкана ачуу боюнча пикиримди айыл өкмөткө айттым. Иштеп кетүү мүмкүнчүлүктөрүбүздү байкаштырып, 3 жыл бою текшерип турушту. 2,5 млн сом текке кетпесин, айыл өкмөттү да уят кылбайлы деп мыкты деңгээлде иштөөгө аракет кылып жатабыз. Учурда цехте 10 аял, 2 эркек киши иштейт. Эгерде кийиз, шырдактарга буюртма көбөйсө, жумушчулардын санын арттырабыз.

«Санга эмес, сапатка иштей баштадык…»

Бизде кол жумушу абдан көп болот. Өзүм жетекчи болсом да аккан сууларды тазалап берип турам. Жумуш оор, бирок тапкан кирешебиз берекелүү. Анткени маңдай тер менен тапкан акча жемиштүү болот экен. Азыр сапатка иштей баштадык. Мурда ойгон кийиздерден көп кемчиликтерди байкап жатабыз. Анткени мурда кийизди эки каптап, бор менен чийип эле кесип койчубуз. Ал эми азыр бирден кесип жатабыз. Анын үстүнө япон эли өзгөчө тактыкты талап кылат, оюусу бираз өзгөрүп калган кийиз жараксыз болуп калат. Андыктын сөзсүз түрдө симметрия болушу кажет.

«Бардык тармакта аялдардын ролу жогорулап келе жатат»

Жунусова: Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча бардык тармакта аялдардын ролу жогорулап келе жатат. Алсак, Кыргызстанда да жетекчилик кызматтарда иштеген айымдардын саны өсүүдө. Биздин долбоор 2021-жылы аяктайт, ошол кезде кандай натыйжаларга жеткенибиз боюнча жыйынтык чыгарабыз. Учурда чакан ишканаларды ачкан айымдардын саны жогорулоодо. Мындан сырткары өз ара жардам топторду түзүп жатышат. Башкача айтканда өнүгүүгө умтулуп, аялдарда «менин колумдан келет» деген ой пайда болду. Эгерде статистиканы карасак, айымдар эркектерге салыштырмалуу аз маяна төлөнгөн кызматтарда иштешет. Маселен, тейлөө, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактары… Биз муну жоёлу деген максаттабыз.

«Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү — экономикалык өнүгүүнүн негизи»

2021-жылга чейин учурда жүзөгө ашырып келе жаткан иш-чараларыбыз улантылат. Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча да айымдар арасында окутуулар болот. Анткени аялдардын бул багыттагы потенциал, билими канчалык жогору болсо, үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугу ошончолук бекем болот. Жөнөкөй эле мисал, үйдө тамак-ашты аялдар көбүрөөк даярдайт. Тренингдердин алкагында техникалык маалыматтар берилет. Тагыраагы, тамак-аш рациону тууралуу айтылат. Ошондуктан аял кишилердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү — экономикалык өнүгүүнүн негизи.

«Долбоордун катышуучуларына азык-түлүк таратабыз»

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын дагы бир өзгөчөлүгү, биз долбоор аяктаганда катышуучуларга байытылган ун менен өсүмдүк майын беребиз. Бул азыктар эң керектүү деп саналарын сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөттү. Мисалы, айыл өкмөт көпүрө куруу үчүн тийиштүү материалдарды берет. Бирок көпүрө салуучу жумушчуларга акы төлөп бере албайт. Мындай учурда биз айыл өкмөт менен кызматташып, көпүрө курган жарандарга май менен ун таратабыз. Натыйжада көпүрө да салынат, эл азык-түлүк менен да камсыз болот. Добоорго катышуунун бир нече талаптары бар. Аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөнүн мүчөлөрү долбоорго катыша алат. Алардын кирешеси да каралат. Аймактык социалдык кызматкерлер колдоого муктаж жарандардын тизмесин чыгарат. Анын негизинде калкты долбоорго чакырабыз. Жыл сайын 1 миңден ашуун долбоорду ишке ашырабыз. Ар бирине 10-30дай киши катышат.

Курманбаева: Жарандар жумуш жок деп кол куушуруп отура бербей эмгектенсе, жок дегенде май, ун алышат. Жасаган ишинин үзүрүн көрөт. Биздин өлкөдө кийиз өндүрүү азайып бара жаткан. Бирок биз ата-бабадан калган буюм катары аны кайра жаңылап иштеп чыгышыбыз керек. Кийиз килемге караганда ден соолукка да пайдалуу.

2 пикир

2 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM