Биз менен байланышыңыз

ИИМ: «Жалдагы» мушташка шектүүлөр бошотулган жок

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 691 | 0

Бишкектин «Жал» кичи районунда 2 жаранды мыкаачылык менен сабаган жарандар бошотулду деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Айзада Кубатова “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар учурда №1 тергөө абагында. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Бүгүн социалдык тармактарга «Жалдагы» мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милициянын калкалоосу менен камактан чыгып кеткени тууралуу маалымат тараган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 28-августунда Бишкектин «Жал» кичи районунда, Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн жанында эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган.

Бул окуяга шектүү катары Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM