Биз менен байланышыңыз

«1001 KILEM»: Арзандатууларды жасаганда элди алдабайбыз!

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 14203 | 0

Учурда Кыргызстанда «1001 килем»  салону 1-марттан 8-мартка чейинки аралыкта 50%дык акция жарыялады. Мындан улам биз аталган килем салонунун менеджери Өмүрбек Худайбердиев менен бул акция эмне максатта өткөрүлүп жатканы жана арзандатуулар эмнеге негизделгени тууралуу маектештик.

“1001 KILEM” салону эмне үчүн жыл сайын февраль-март айларында ири арзандатууларды жасайт?

-Дүйнөлүк практикада январь, февраль, март айларындагы арзандатуулар кеңири колдонулуп келет. Бул боюнча бизнес тармагында калыптанып калган адат бар. Ага ылайык сатуу иштери менен алектенгендердин баары 31-декабрга чейин соода жакшы болот деп өзүнүн товарын сатып калганга аракет кылат. Ал эми жыл жаңыргандан кийинки колдо калып калган товарлар сатылбай калбашы үчүн аларды сатып түгөтүү акциялары марттын башында да уюштурулат. Бул тажрыйбаны биз да өзүбүздүн килем салонубузда колдонуп келебиз. Муну менен биз колдо бар товарларды сатып түгөтүүнү көздөйбүз.

-Арзандатуу дегенде чындап эле өз баасынан да арзан болушу мүмкүнбү же бул жөн гана маркетингдик жүрүш болуп саналабы?

-Жогорудагы арзандатууларга карата адамдардын ишенбөөчүлүк көрсөтүүсү күтүлгөн эле жагдай. Бирок «1001 kilem» килемдер салонунда реалдуу арзандатуулар болот деп кепилдик бере алабыз. Муну өзүбүздүн иш тажрыйбабыздан далилдеп келебиз (жыл сайын уюштурулат). Мисалы бул жылы -50% чейинки арзандатууларды уюштурдук. Арзандатуунун көлөмү(-20%, -30%, -40%) килемдердин бизге келген мезгилинен, санынан, сапатынан көз каранды. Ошондой эле жалпы кардарларга маалымат катары айта кетсек, арзандатуу -50% чейин гана эмес андан жогору өлчөмдө да  арзан болушу бул чындык. Биз ишкер катары мындай иш-чараларды көп эле уюштуруп келебиз. Арзандатуулардын сөзсүз эле майрам күндөрүнө туура келиши шарт эмес. Бирок биздин дүкөнгө окшогон ири соода маркаларынын мындай акцияларды сейрек уюштурганына байланыштуу майрамдарга жакын же майрам күндөрү уюштурганыбыз эффективдүү болууда.

-Килемдерди жаз айларында сатып алуунун кандай артыкчылыктары бар?

-Килемди жазда сатып алуунун алгачкы себеби болуп баалардын арзандашы саналат. Экинчиден, тандоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле жазгы жаңылануулар үчүн да килем сатып алуунун эн ыңгайлуу мезгили жаз айлары болуп саналат.ъ

-“1001 KILEM” салону башка атаандаштардан эмнеси менен айырмаланат?

-«1001 KILEM» килемдер салонунун иштөө артыкчылыгы бул Түркиядан, Ирандан, Индиядан чыгарылган килемдердин түз алынып келингенинде. Килемдерди өндүрүлгөн өлкөдөн түз алып келүүнүн артыкчылыгы: биз дизайнды өзүбүз тандап буюртма беребиз. Биз кардардларыбыз үчүн жогорку сапаттагы килемдерди тандоо менен гана чектелбей, товарыбыз кандай сапатта болсо ачыгын айтып, кеңеш беребиз. Андан сырткары пайызсыз, банктардын ортомчулугу жок түздөн-түз 6 айга чейинки узартып төлөө мүмкүнчүлүгүн да түзгөнбүз.

Мисалы биздин тажрыйбалуу адистер кардардын үйүнө чейин барып, килем салына турган бөлмөлөрдү өлчөп, ага дизайнердик көз караш менен (интерьерине) жарашыктуу килем тандап салып беришет.

Килем тандоодо эске алуучу 7 жагдай:

  1. Килемди тандоодо үйдүн кайсы бөлмөсүнө салына турганын эске алып тандоо керек. Мисалы көп басыла турган жерге сапаттуусун салуу керек. Бизде коридорлорго арзан килем салуу адатка айланып калган. Тескерисинче коридор көп басылган жер болгондуктан сапаттуу килем тандоо зарыл.
  2. Ал эми ашканаларга мүмкүн болушунча кыска жиптуу килемдерди тандоо сунушталат.
  3. Мындан сырткары килем тандоодо үйдүн ичиндеги дубалдан дубалга чейин орун калтырып (тиребей) салыш керек.
  4. Килемдин сапаты биринчиден аны токууда колдонулган жиптен (жүн, акрил, полипропилен, полиэстер, вискоза) көз каранды. Андан кийин анын жыштыгына маани берилет. Килем канчалык жыш токулган болсо ал ошончолук сапатын жоготпойт, басылбайт. Килемге болгон баалар мына ушул критерийлер жана ошондой эле жибинин бийиктиги менен өлчөнөт.
  5. Килемге кам көрүү маселесине келсек, мүмкүн болушунча килемди адистерге берип тазалаткан оң. 
  6. Килемдердин колдонууга ыңгайлуу болгону, жеңил жип менен токулганы ар дайым трендде. Ал эми Ирандын, Туркиянын классикалык килемдери эч качан модадан калбайт.
  7. Мындан сырткары соңку жылдарда ачык түстүү килемдерге да суроо-талап көбөйүп баратат. Ачык түстөгү килем алуудан эч коркпоңуз. Себеби килемдерди жууп тазалоонун техникасы учурда өтө өнүккөн жана баасы да арзан. 

«1001 KILEM» салонундагы арзандатуулар тууралуу дагы кененирээк билгиңиз келсе 0770550119 номерине чалыңыз.

Ал эми Инстаграмда @1001kilem дареги менен таба аласыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM