Биз менен байланышыңыз

Анкара качкындардын жаңы толкунун күтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 629 | 0

София бийлиги короновирустун алдын алуу менен алпурушуп жаткан Европаны жаңы миграциялык кризис болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып эскертти. Болгариянын коргоо министри Красимир Каракачанов Түркия менен Болгариянын чек арасына кошумча аскердик күчтөрдү тартып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, бир дагы легалдуу эмес мигрант чек арадан Болгариянын аймагына өтө албайт.

Мурдараак Анкара Сириянын түндүк-чыгышындагы абалдын курчушуна байланыштуу качкындардын жаңы толкунун күтүп жаткандыгын билдирген. Бирок буга чейин 3,7 миллион качкынды кабыл алган Түркиянын ресурстары түгөндү. Түрк өкмөтүнүн өкүлү 27-февралда мындан ары качкындар Түркиянын Евробиримдик менен болгон чек арасынан өтүүгө акылуу деп билдирген. Ушул билдирүүдөн соң миңдеген жөө адамдар жана такси жалдаган колонна чек араны көздөй жөнөгөнүн Reuters агенттиги билдирген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM