Биз менен байланышыңыз

Греция менен Болгария Түркия чек арасында көзөмөлдү күчөтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 689 | 0

Греция чек ара өткөрмө бекеттерин жаба тургандыгын билдирди. Бул тууралуу чечим качкындар өлкө аймагына чек аранын жарып кирип кетүү окуясынан кийин кабыл алынды. Болгария бийлиги да чек ара күчтөрүн бекемдөө үчүн кошумча 1000 аскер жөнөттү

Сириялык Идлибдеги абалдын курчушу менен Греция жана Болгария Түркия менен чектешкен чек араларында көзөмөлдү күчөтөт. dpa агенттиги билдиргендей, 28-февралда Афина коңшу мамлекет менен чектешкен чек ара өткөрмө бекеттерин жабууга аргасыз болгон. Ошондой эле, грек бийлиги селдей каптап кирген качкындардын агымын токотуу үчүн көздөн жаш агызуучу газды колдонууга буйрук берди.

Грециянын Премьер-министри Кириакос Мицотакис өзүнүн Twitterдеги баракчасына чек арадан легалдуу өтпөгөндөргө жылуу мамиле жасабай тургандыгын билдирди. Греция Сириядагы драмалык мүнөздө өнүгүп жаткан окуяларга жоопкерчиликтүү эмес экендигин жана ага Грециянын эч кандай тиешеси жок экендигин айтып өттү. Merkur.de маалымат агенттиги билдирген маалыматка караганда, Мицотакис Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен болгон телефондук сүйлөшүүсүдө грек-түрк чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берди.

Copyright © 2017 Maral FM