Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Круиздик лайнердеги кыргызстандыкта короновирустун жеңил түрү аныкталды

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 905 | 0

Японияда карантинге алынган круиздик лайнериндеги Кыргызстандын жараны текшерүүгө алынып, дартка шектүү катары ооруканага жаткырылган. Натыйжада оорунун жеңил түрүн жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйынында билдирди.

«Круиздик лайнердеги Кыргызстандын жараны учурда Японияда ооруканада дарыланууда. Абалы жакшы, толугу менен сакаймайынча, Япония жибербейт. ТИМ алып келүү боюнча Японияга кайрылган» , — деди Абдрахманов.

Иран, Италияда Кыргызстандын жарандары короновируска кабылган жок.

Тышкы иштер министрлиги жарандарды коронавирус катталган өлкөлөргө барбоого чакырат. Короновирус жайылганына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги республикалык штаб менен бирге эпидемиологиялык абал курч өлкөлөрдөгү абалга мониторинг жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM