Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Соода борборлордо терракт болот» деп телефон чалган адамдын өздүгү такталды

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 530 | 0

Кечээ, 23-февралда саат 13:14тө Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын нөөмөт кызматына өзүн «Саид» деп тааныштырган адам саат 16.00 Бишкектеги соода борборлордо терракт болот деген маалымат берген.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү (Терроризм актысын жасайм деп коркутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө телефон чалган адам Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Тагир  Султанбеков аттуу жаран экендиги такталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү билдирди.

Ал 2013-жылы Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 167-беренеси (тоноо) боюнча 9 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы Ысык-Ата соту тарбынан Кылмыш-жаза кодексинин 170- (пара талап кылуу) жана 228-беренелери (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча 11 жылга соттологон. 2017-жылы №3-түзөтүү колониясында отурган учрунда терроризм актысы туралуу телефондон жалган маалымат берген. 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

Султанбеков Тагир сурак учурунда, айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну мойнуна алып, №1-түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM