Биз менен байланышыңыз

ФРГ президенти Ханаудагы атууну «террордук зомбулуктун актысы» деп атады

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 610 | 0

Ханауда бейкүнөө өлгөндөрдү эскерүү бүткүл Германия боюнча өтүүдө. Өлкөдөгү 50дөн ашык шаарлардын жашоочулары пикетке чыгышты. Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 43 жаштагы Тобиас Р аттуу адам 9 адамды аткан каргашалуу жерди барып көрдү. Тергөөнүн маалыматы боюнча күнөөсүз адамдарды атып өлтүргөн адам үйүнө келип, 72 жаштагы энесин, андан соң өзүн атып өлтүргөн.

Штайнмайер бул окуяны террордук зомбулуктун эң каардуу актысы деп атап, коомчулукту мындай аракеттер менен коркутууга мүмкүн эместигин айтып өттү.

Германия жарандары жек көрүүгө, расизмге жана зордук-зомбулукка каршы турууда биримдиктүү болуш керек! – деди мамлекет башчысы. Герман президенти эс алуучу жайда өлтүрүлгөн адамдардын жаркын элесине арнап, каргаша болгон жерге атайын гүлчамбарларды койду.

 

Пикеттер жана түшүрүлгөн желектер

Штайнмайердин айтымында, Германиянын 50дөн ашык шаарларында зомбулукка каршы пикеттер уюштурулган. Полициянын берген маалыматына караганда, кечээ Ханаунун көчөлөрүнө 5000ден ашуун эл чогулган. Курман болгондорду эскерүү жана неонацизмге, оңчул экстремизмге каршы акциялар Берлин шаарында да болуп өттү.

Ханауга келген Германиянын Ички иштер министри Хорст Зеехоффер ФРГдагы бардык коомдук мекемелерде мамлекеттик тууларды түшүрүүгө буйрук берди.

Курман болгондордун арасында Түркиянын жана Болгариянын жарандары бар.

Берлиндеги болгар элчилигинин кризиске каршы штабында атылган адамдардын бири Болгариянын жараны экенин айтып чыгышты. Ал эми Германиядагы түрк консулдугу өлгөндөрдүн бешөө түрк жарандары экендигин билдиришкен. Германиядагы күрд жамаатынын өкүлдөрү алардын бир канчасы күрттөр экендигин такташкан.

Эскерте кетсек, февралдын 19унан 20сына караган түнү Ханаунун Гесен районунда кальян чеккен жайда 9 киши атылган. Мындан соң полиция шаардагы батирлердин биринде дагы эки өлгөн адамдын сөөгүн табышкан. Алардын биринин болжолдуу кылмышкер экендиги белгилүү болгон. Кийинчерээк полиция YouTubeга кылмышкер жарыялаган видеороликти таап чыгышкан. Германиядагы Федералдуу прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, кылмышкер оңчул экстремисттик мотивдер менен бейкүнөө адамдарды атып өлтүргөн.

Ал эми ФРГ канцлери Ангела Меркель болуп өткөн окуяга карата:

-Расизм бул – уу, жек көрүүчүлүк бул – уу, — деп мамлекет ар бир жарандын укугун жана ар-намысын коргоого милдеттүү экенин кошумчалады. Мындан сырткары, ким өлкөнү расалык же диний ишенимдерине карата бөлүп жарууга аракет кылса, мындайларга жаза катуу болорун эскертти.

 

Copyright © 2017 Maral FM