Биз менен байланышыңыз

Президент алдыдагы шайлоого карата мыйзам чыгаруу ишин солгундатпоого чакырды

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 575 | 0

Быйыл парламенттик шайлоо жылы. Алдыдагы саясий процесске карата көптөгөн саясий өнөкөттөр козголот. Партиялардын саясат менен алпурушуусу күчөйт. Бул иш парламенттеги фракциялардын да саясатка алагды болуусун шарттайт. Мындай учурда элди алаксыткан популисттик кадамдар көбөйөт. Мыйзам чыгаруу иши солгундайт. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

Ошондуктан сиздерге кайрылаарым, азыр парламенттин кароосунда өлкөнүн экономикасы үчүн, мамлекеттин, элдин турмушуна зарыл болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлору бар. Бул мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алуу керектигин эсиңерге салам. Анткени, кийинки парламент келип, ишин баштаганча, өлкөдөгү реформаларга зарыл мыйзамдар күчүнө кириши керек. Албетте, быйыл биринчи кезекте, балдарды колдоо саясаты көңүл борборунда болот , — деди президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, балдарга жөлөкпулду чектөөнүн жаңы тартибин аныктаган, аярлуу үй-бүлөлөрдү колдогон, коррупциялык тобокелдиктерди азайткан, санарип технологиялары терең колдонулган нормаларды камтыган мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңешке киргизилет.

Ошондой эле президент антикоррупциялык чараларды күчөтүү максатында жакында сиздердин карооңуздарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларациялары жөнүндө мыйзам долбоору да киргизиле турганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM