Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Инвесторго мамилени оңдоо үчүн убакыт керек экен

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 654 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда, Ат-Башыда логистикалык борбордун курулбай калышына сырттан таңууланган, жергиликтүүлөрдүн кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болгонун айтты.

Өкмөт бардык пайданы жана инвестордун милдеттерин кылдаттык менен аныктап, бул долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн шарт түзүүгө аракет кылды. Бирок жергиликтүү эл менен мамиленин жасалма түрдө бузулушунан улам компания долбоордон чыгууга аргасыз болду. Биз сырттан таңууланган жана нарындыктардын кызыкчылыктарына каршы келген бул пикир жалган, ушак жана фейк маалыматтарды таратуу аркылуу активдүү жайылтылган деп ишенебиз.

Өкмөт башчынын айтымында, инвестор өзүнө бир нече милдеттерди алган. Долбоор 15 миң жумуш орунун түзмөк, алдыңкы жогорку технологиялык өндүрүш киргизилип, бюджетке ири көлөмдөгү акча которулмак.

Абылгазиев коомчулуктун инвесторго карата калыс жана объективдүү мамилесин калыптандыруу үчүн убакыт керек экенин моюнга аларын айтты.

Ошондой эле өкмөттүн бүгүнкү күч-аракеттери буга чейинкилердин олуттуу катачылыгынын кесепетин тартып жатканын билдирди.

Ат-Башыга логистикалык борборду кура турган «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» компаниясы долбоорду жабуу чечимин кабыл алган.  Инвесторлор буга чейин жердин ижара акысына төлөнгөн 43 миллион сомдон ашык каражатты кайтаруусун сураган.

Инвесторлор логистикалык борбордун курулушуна 280 миллион доллар сарптоону пландаган. Бирок башынан эле жергиликтүү элдин басымдуу бөлүгү каршылык билдирип келди. Элдин каршылыгы – жердин Кытай тарапка 49 жылга ижарага берилишине байланыштуу болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM