Биз менен байланышыңыз

Тажик генералы Абдулло Навжувоновдун Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталды

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 587 | 0

Тажикстандын Согди облусунун милициясынын башчысы генерал Абдулло Навжувоновдун Баткен аймагы боюнча билдирүүсү үчүн ага Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынышы керек. Мындай сунушту укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “Маралга” билдирди. Анын айтымында, тажик генералы мындай билдирүүсү менен бүтүндөй Орто-Азияга чок таштайт.

Мамлекеттик күч органынын жетекчиси мындай сөздү эч качан айтпашы керек. Жогору жактан макулдук болбосо, бул генерал Баткен боюнча жанакындай билдирүү жасабайт. Бул деген “биз силерге согуш ачабыз” деген эле сөзгө барабар. Жогорку Кеңеш чукул чара көрүп, Абдулло Навжувоновдун, керек болсо анын үй-бүлөсүнүн Кыргызстанга кирүүсүнө  тыюу салуу керек. Аны «персона нон грата» деп  жарыялаш керек, — деди Токтайым Үмөталиева.

Тажик генералы 12-февралда маалымат жыйында Баткен аймагы эч качан Кыргызстандын жери болбогондугун айткан.

Кошумчалай кетсек, эртең, 18-февралда Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында активисттер нааразычылык акция уюштурушат. Алар Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси генерал Абдулло Навжувоновдун билдирүүсүнө каршы чыкмакчы.

Митингде тажик президенти Эмомали Рахмонго Абдулло Навжувоновду кызматтан бошотуу жана жоопкерчиликке тартуу талап кылынары айтылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM