Биз менен байланышыңыз

УКМК: Соцтармактардагы чагымчылдык кылгандар жоопкерчиликке тартылат

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 613 | 0

Улуттук коопсуздук комитети социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козутууга багытталган ар кандай чагымчыл маалыматтар таркатылып жатканына тынчсыздануу билдирди.

Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн тарткан билдирүүдө айтылат.

“Бул чагымчыл маалыматтар өлкөдөгү коомдук-саясий абалга таасир этүү максатында таратылып жатат. Буга байланыштуу таратылган материалдарды даярдаган адамдарды табуу үчүн зарыл болгон ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Провокациялык жана улуттар аралык кастыкты козуткан материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM