Биз менен байланышыңыз

Bigser компаниясы эмне себептен олимпиадалык форманы тикпейт?

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 430 | 0

Кыргызстандык Bigser Sport компаниясы эрежелерге баш ийбегендиктен 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына спорттук формаларды тикпейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, Bigser Sport компаниясы 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарында Bigser компаниясынын спорттук кийимдеринде бир катар кемчиликтер болгон.

Алар спорттук кийимде Олимпиада комитетинин эмблемасын коюп койгон. Жарнама, брендди жайгаштыруу боюнча эрежелерди сактаган эмес. Мындан сырткары форманын жарымын өз учурунда тигип берген эмес. Андыктан комитет Bigser компаниясы менен спорттук кийимди тигүү боюнча иштешүүнү токтоткон.

Белгилей кетсек, Bigser Sport компаниясы 2012-жылга чейин кыргызстандык спортчулардын спорт кийимдерин тигип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM