Биз менен байланышыңыз

Парламент Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 775 | 0

Парламент Өкмөттүн чек ара иштерин көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр кызматына көрсөтүлгөн Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлигин добуш берүүгө катышкан 98 депутаттын 97си колдоду. 1 депутат каршы добуш берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдогон Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бүгүн талкууда айтылган маселелерди чечүү үчүн биргеликте аракеттене турганын белгиледи.

Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. Ал кечээ өз ыктыяры менен арыз жазып кеткен Жеңиш Разаковдун ордун ээлемекчи.

Чек ара маселесин тескеп келген мурдагы вице Жеңиш Разаков үй-бүлөлүк себептерден улам кызматын тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM