Окуучуларды жалпы билим алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынды. Былтыр жылдын башында сунушталган мыйзам 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, 9-класстан кийин окуудан баш тартууга тыюу салынат. 10-11-класста окуучулар адистикке багытталган предметтерди окуп, кошумча диплом алышат, же 9-классты аяктагандан кийин лицей, колледждерге окушу керек. Мектептер кошумча кесипти окутууга даярбы?
Өспүрүмдөр окуу, спорт жана башка пайдалуу иштер менен алектенбей, же чоңдордун көзөмөлүсүз калса, жаман иштерге азгырылып кетиши толук мүмкүн. Окуучулар жалпы билим алышы керек, же кошумча кесипке ээ болушу керектигин ЖКнын депутаты Мирлан Жээнчороев буга чейин сунуштаган.
9-класстан кийин балдардын окууга кызыгуусу жок экени айтылып, окуучуларга тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Жалпы орто билим берүүчү мектептердеги окутулган 14 предметти эмес, анын ичинен даярданып жүргөн кесибине байланыштуу жети сабак боюнча билим алып жана кошумча бир кесиптин ээси болушат.
11-класстын окуучусу Нургуль Шакирова предметтерди тандап окуган жакшы, бирок эгер кесибин өзгөртүп калса, башка предметтерди окуу зарыл дейт.
—11 жыл окуган жакшы деп ойлойм. Андан кийин жогорку окуу жайларга тапшыра аласың. Ал эми азыр кесипке багытталган предметтерди тандоого мүмкүндүк берип жатат. Кайсы предмет керек болсо, ошол сабакты сабактан тышкары да окуп, терең биле алабыз. Бирок эгер 11-классты аяктап, башка кесипти тандай турган болсоң, башка сабактарды да окуу керек болот.
Демилгечи, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бала 18 жашка чыкканга чейин ата-энесинин жана мамлекеттин карамагында болушу керектигин айтат. Билими жоктугунан сыртка иштегени кетип, же туура эмес жолдорго барып жатканын айтып, кесипке ээ болсо, андай жолдорго барбайт деген пикирин айтты:
—Бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү 4 жылдан бери сунуштап, демилгелеп келебиз. Ар бир бала 18 жашка чейин мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек. Себеби, көрүп атабыз, акыркы жылдары Орусияга же кара жумушка иштегени кетип жатат, же туура эмес жолдорго кетип, кылмыш кылып койгон учурлар катталып жатат. Ушулардын алдын алуу жана аларды жумуш менен камсыз кылуу үчүн, акыркы эки жылда окуучунун каалоосу менен мектепте кесипти тандап окуйт же колледждерге барып окушу керек. Ошондо гана окуучулар чет өлкөгө барса дагы кесиби менен иштеши керек.
Бир жылда орто эсеп менен өспүрүмдөр тарабынан жасалган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталууда.
Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, балдарды 11 жыл кармаган да туура эмес:
—Союз убагында бул система бар эле, биз мектепти аяктагандан кийин бир кесип менен иштеп кетсек болот эле. Эми мыйзам кабыл алып, кайра иштелип жатат, бирок системалаштырып, окуучуга жакшы кесиптик билим берүү керек. Азыркы учурда көп жеке курстар ачылып кетти, ошонун баары мектептин системасына кириш керек. Азыркы окуучулар окуусун уланткысы келбейт, аларды мектептен эле бир багытка үндөш керек. Тилдерди окутуп, андан сырткары IT тармагында билим бериш керек.
Кендирбаева жеке курстарды мектеп системасына киргизүү керек, бул дүйнөлүк практикада бар, окуучу мектептен эле тил, же компьютер билип чыгышы керек деген оюн билдирди.
Айтсак, 2017-жылы Кыргызстанда 9754 бала 9-класстан кийин окуусун уланткан эмес.
2019-жылдын республикалык бюджетинде өлкөнүн жалпы билим берүү тармагына 32 млрд сом көлөмүндө каражат каралган.