Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 4 жылда «Дуинг бизнес» рейтингинде 70 позицияга ылдыйлаган

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 584 | 0

Бюрократиялык тоскоолдуктардан улам, Кыргызстан акыркы төрт жылда «Дуинг бизнес» рейтингинде 70 позицияга ылдыйлап кетти. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Бишкекте Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында билдирди.

Мисалы, инвестициялык долбоорду ишке киргизүүгө талап кылынган мөөнөт орточо 3-4 жылды түзүүдө. Салык отчеттуулугу татаалдашканына жана соттогу узакка созулган салык чырларына байланыштуу Кыргызстан 2017-жылы Дуинг бизнес рейтингинде 138-орунда болчу. Акыркы эки жылдын ичинде санарип технологияларды киргизүүнүн натыйжасында көрсөткүч жакшырды — бул рейтингде 117-орунга көтөрүлдүк. Бирок 117-орун — мактанарлык позиция эмес экендигин баарыңар билесиңер.

Президент курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын белгилейт:

Мисалы, 100 батирлүү үйдү салыш үчүн курулуш компаниясы орто эсеп менен 50гө жакын макулдашууларды өткөрүү керек. 12 ар кандай экспертизадан өтүп, 100гө жакын кол чогултуу талап кылынууда. Жыйынтыгында, долбоорлоо стадиясына гана бир жылдан ашуун убакыт кетүүдө. Ушул көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап кеткен. Төрт эле жылда 70 позицияга ылдыйлап кеттик.

Сооронбай Жээнбеков бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM