Биз менен байланышыңыз

«Акылдуу мектеп» долбоорун Megacom компаниясы ишке ашырат

Билим-маданият | 10 Фев 2020 | 1655 | 0

Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жана «Альфа Телеком» (Megacom) ишканасынын директору Акылбек Жамангулов бирге кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Долбоорго пилоттук түрдө өлкө боюнча 10 мектеп тандалып алынып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көзөмөл жүргүзүү автоматташтырылат. Аталган долбоор Megacom компаниясы тарабынан толук каржыланат, ал эми окуучулардын жеке маалыматын сактоо жана коргоону Билим берүү министрлиги көзөмөлдөйт.

Компания коммерциялык максатты көздөбөй турганын»Альфа Телеком» (Megacom) ишканасынын директору Акылбек Жамангулов айтып, билим берүү мекемелери жана окуучулардын ата-энелери долбоордун бир гана байланыш кызматы үчүн акы төлөйт дейт:

Биздин компания коммерциялык максатты көздөбөйбүз, биз социалдык жардамга да кызыкдар болушубуз керек. Себеби ата-эне баласы тууралуу маалымат алып турганы, ата-эне үчүн жакшы. Мектеп менен ата-энени тыгыз байланыштыруу керек.  Бирок кээ бир майда чыгымдарды ата-энелер төлөп калышы мүмкүн. Жалпысынан алганда, долбоорду биз толук каржылайбыз. Долбоорду техникалык жактан биздин компания ишке ашырат, ал эми окуучулардын жеке маалыматын сактоо жана коргоону Билим берүү министрлиги өз мойнуна алат. 

Өлкө боюнча 10 мектепте электрондук текшерүү системасы пилоттук режимде киргизилет. Окуучулар мектепке киргенде чип аркылуу текшерүү, атайын билерик же окуучунун жүзүн аныктоочу жабдык коюлат.

Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Жапаркул Ташиев киргизилип жаткан долбоор мектеп, ата энелер жана окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз экенин айтты:

-Быйыл өлкө боюнча 10 мектепте электрондук текшерүү системасы пилоттук режимде киргизилет. Ага ылайык, окуучуларды мектепке киргенде чип аркылуу текшерүү, атайын билерик же окуучунун жүзүн аныктоочу жабдык коюлат. Ошондой эле электрондук күндөлүк менен электрондук журнал жана аралыктан окуу системасы киргизилет. Бул ата-энелер, окуучу жана мектеп үчүн да коопсуз жана ыңгайлуу болот. Долбоор жакшы иштелип чыкты, колдоого татыктуу деп ойлойм. 

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын  айтымында,  түзүлгөн жумушчу топ өлкө боюнча 10 мектепти тандап жатат. Ошондой эле бардык мектептерге интернет жеткирилет.

-Буга чейин электрондук күндөлүк, мугалимдердин айлык маянасын эсептөөнү электрондук түргө өткөрүп  жатканбыз. Эми баарын чогултуп, бир моделин түзүү керек. «Альфа Телеком» (Megacom) ишканасы менен биргеликте 10 мектепти көзөмөлдөө системасын ишке ашырабыз. Андан кийин кызматташууга макул эле болот деп ойлойм. 

Ишке киргизилип жаткан санарип технологиясынын жардамы менен ата-энелер баласынын эмне кылып жатканынан кабардар болот, башкача айтканда, маалымат СМС билдирүү түрүндө барып турат.  Андан сырткары, электрондук журнал, күндөлүктөрдүн жардамы менен окуучулардын баасын, калтырган сабагын, тапшырмасын өздүк баракчасынан көрүп турууга шарт түзүлөт. Ошондой эле мектеп ашканаларында тамактанууда, коомдук унааларда жүрүүдө электрондук карточкалар колдонулат.

Кошумчалай кетсек,  “Акылдуу” мектеп долбоорун ушул жылдын ноябрь айында ишке ашыруу пландалууда.  Республика боюнча 660 мектеп «Кыргызтелеком» ишканасы аркылуу интернетке туташтырылган. 775 мектеп Билим берүү министрлиги тарабынан, ал эми 671 мектеп жергиликтүү бийликтин күчү аркылуу интернет менен камсыз кылынды.   Ал эми 31 мектеп техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугуна байланыштуу интернетке туташа элек.

Copyright © 2017 Maral FM