Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети жазгы талаа иштери тууралуу маалымат угат

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 506 | 0

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата өкмөттүн даярдыгы боюнча маалыматын угат.

Анда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Эркинбек Чодуев маалымат берет.

Мындан тышкары, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2020-жылга карата кабыл алынган иш-пландары жана тармактык артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM