Биз менен байланышыңыз

КЛДП Жанар Акаев тууралуу иликтөө боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 1858 | 0

Кыргыз либерал демократиялык партиясы тең төрагаларынын бири Жанар Акаев тууралуу FactCheck.Kg сайты жарыялаган иликтөө боюнча түшүндүрмө берди.

Тактап айтканда, бүгүн Фактчек.кж сайты «Жанар Акаев менен Матраимовдордун байланышы барбы?» деген аталышта иликтөө жарыялаган. Иликтөөдө КЛДПнын Бишкектеги жыйынына Матраимовдун өкүл баласы атайын Оштон учуп келгени айтылып, фото далилдер көрсөтүлгөн. Ошондой эле, Матраимовдун өкүл баласы Ош шаардык кеңешине депутаттыкка атанганы тууралуу да мисалдарды келтирген.

Ал эми КЛДП партиясы мындай иликтөө ачыктыкты камсыз кыларын белгилеп, Фактчек.кжнин аракетин жогору бааларын, аны колдой турганын билдирген. Бирок Жанар Акаев менен Матраимовду байланыштыруу туура эместигин айтып, төмөнкүдөй пикирин калтырган:

«Ар кандай күчтөргө байланышы болушу мүмкүн деген адамдардын биздин партиянын бетачарына келгени менен бүтүндөй партияны аларга байланыштыруу аракети туура эмес. Бет ачарга интернет аркылуу бардык жарандарды чакырганбыз, бардык каалоочуларга эшигибиз ачык болгон. Нарын, Ош, Ысык-Көлдөн бери каалоочулар келип катышкан. Алты жүздөй киши катышкан иш-чарада биз ким кимдин өкүл баласы же досу, тууганы экенин териштире алган жокпуз. Жүк ташуучу компаниянын жетекчиси деп айтылып жаткан Нурбек аттуу жаран партия лидерлеринин бирөөсү менен да тааныш болгон эмес жана партиянын иш-чарасына атайын чакырылган эмес.

Биз, тескерисинче, партиянын бет ачарында олигархтардын, акчанын күчү менен шайлоону жеңем дегендерге каршы экенибизди ачык айтканбыз жана катуу сындаганбыз.

Ошондуктан, азыртадан ачыктык, жаңыланууга багыт алган жана азыркы саясий күчтөргө альтернатива болууну көздөгөн саясий партиябызды репутациясы күмөндүү күчтөргө байланыштыруу аракети туура эмес. Кимдин ким экенин алдыдагы аракеттер көрсөтөт. Ал эми FactCheck порталы шайлоого катышууга ачык жана купуя аракет көрүп жаткан башка партиялардын катарындагы талапкерлерди жана артында турган күчтөрдү иликтеп чыгат деп ишенебиз».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM