Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 508 | 0

10-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Маалыматка ылайык, 10-февралда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан жаап, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-12-февраль күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

10-февралдан 12-февралга чейин түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү ыктымал.

Copyright © 2017 Maral FM